Орусия президенти Владимир Путин марттагы президенттик шайлоодо 1-вице-премьер-министр Дмитрий Медведевдин талапкерлигин колдой турганын билдирди. Путин мындай пикирин “Бирдиктүү Орусия” баш болгон 4 партия Медведевди талапкерликке көрсөткөндөн улам айтты. Дмитрий Медведев 2005-жылга дейре Кремлде аппарат башчысы болуп иштеген, ал азыр мамлекетке караштуу “Газпром” компаниясынын төрагасы.