Жогорку Сот БШКга добуш берүү өнөктүгүн Москва шаарынын базарларында өткөрүүгө уруксат берди. БШКнын маалымат-кызматынан кабарлашкандай, кечээ Жогорку Сот “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын БШКнын Москвада базарларда добуш берүү өнөктүгүн өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу боюнча көзөмөл арызын канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи май райондук соту бул арызды карап, БШКнын пайдасына чечкен. (MSu)