Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

12:30 Илим Карыпбеков: Эрнис Кыязов журналисттик этиканы одоно бузду


Медиа өкүл институтунун директору, УТРКнын көркөмдүк кеңешинин мүчөсү Илим Карыпбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, УТРКнын директорунун орун басары, “Багыт” теле берүүсүнүн алып баруучусу Эрнис Кыязов жакында эле кабыл алынган журналисттик этиканын бардык беренелерин одоно бузганын, өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып эфирди жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгонун, эл аралык журналистиканын нормаларынан алыстап кеткенин билдирди. Анын айтымында, УТРКнын көркөмдүк кеңеши кечээ чукул жыйын өткөрүп, “Багыт” теле берүүсүндө айтылгандарды талкууга алган соң ушундай чечимге келишкен. Ошондой эле көркөмдүк кеңеш Эрнис Кыязовду “Багыт” берүүсүн алып баруудан четтетүүнү сунушташкан. Мындай сунушка көркөмдүк кеңештин 11 мүчөсү кол койгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG