Мындай пикирин “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот добуш берүү өнөктүгүн Москванын базарларында өткөрүүгө БШКга уруксат берүү менен, башка мамлекеттерде жана өлкө ичиндеги базарларда иштеп жаткан шайлоочуларга тең укук беребей жатат. “Мекендештерибиздин көбү чет жакта базарларда иштешет, областтарда, шаарда деле канчалаган адамдар базарларда отурушат. Анда аларга да ушундай шарт түзүп беришсин да, Москавада гана эмес, башка жактагы тышкы жана ички мигранттарга да базарларда добуш берүүгө уруксат беришсин”, дейт Д. Ошурахунова.
Кечээ Жогорку сот “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын БШКнын Москвада базарларда добуш берүү өнөктүгүн өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу боюнча көзөмөл арызын канааттандырган жок. (MSu)