Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы катардагы жаштардан кызматкерлер алып, бүгүн алардын ант берүү аземи болду. Анда Бишкек ШИИбинин жетекчиси Молдомуса Конгантиев жыл жыйынтыгы боюнча 243 кызматкерге акчалай сыйлыктар тапшырды. Мындан тышкары “Коопсуздук жана укуктук тартип” коомдук кору тарабынан жаңы жылды утурлай ШИИБдин 67 ардагерлерине жана кызматкерлерине 350 миң сом өлчөмүндө сыйлыктар берилди. (EKa)