Бишкектеги эл аралык детектордук текшерүү борборунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев текшерүүдөн өтүп атат. Бул тууралу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунан малымдашты. 9-декабрда УТРКнын жетекчи орун басары Эрнис Кыязов “Багыт” телеберүүсү аркылуу Өмүрбек Текебаев ага уят сөздөр айтып, коркутканын айткан. Экс-депутат өз кезегинде журналисттин айткандарын четке кагып, керек болсо детектордон өтөөрүн билдирген эле. (EKa)