Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

17:13 Коргоо белгилери жок бюллетендерден көлдүктөр күмөн санашууда


Каракол шаарындагы бир топ партиялар жана өкмөттүк эмес уюмдардын башын бириктирген “Атуулдук союз” бирикмеси шайлоо участкаларына таратылган шайлоо баракчаларынын түп нускасы экенине күмөн санагандыктан жыйын өткөрдү. Анда Эдиль Байсалов жасалма шайлоо бюллетендердин бетин ачканы менен учурда ошол эле эски баракчалар менен шайлоо өтөөрү жана бул ыкма жасалма добуш жасоого ыңгайлуу экени талкууланды. Аягында “Атуулдук союз” коомдук бирикмесинин башчысы Канымет Жакыпбектегин коргоо элементтери жок шайлоо бюллетендеринен көлдүктөр күмөн санап атканын жана ага катуу көзөмөл керектигин белгилеген координациялык кеңештин атайын кайрылуусун окуду. Ал БШКга жана президенттик администрацияга жолдонду. (RB)

XS
SM
MD
LG