Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

17:19 Жалалабатта шайлоо комиссияларында “Ак жол” партиясы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү


Жалалабатта №8 жана №21 орто мектептерге жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жаңыртылды. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн алмаштыруу менен “Ак жол” партиясы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Шаардын көчөлөрүндө “Ата мекен” партиясынын үгүт барактарын белгисиз адамдар тарабынан сыйрып салуу өнөкөттөрү дагы эле улантылууда. Бул тууралу 11-декабрда партиянын Жалалабат жана Сузак аймагындагы координатору Ильич Нарматов билдирди. Бирок мындай маалыматты “Ак жол” партиясынын облустук бөлүмү четке какты. Партиянын маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун жообу боюнча “Ата мекен” партиясына жасалган тоскоолдуктарга “Ак жол” партиясынын тиешеси жок. Шаарда №8-мектепте шайлоо комиссиясы өзгөрбөгөңдүгүн, ал эми №21-мектептеги комиссиянын 3 мүчөсү арыздарына ылайык бошотулганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG