Адвокат Сартбай Жайчыбеков Айтикеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдө. Андай өтүнүчтү төмөнкү сот инстанциялары буга чейин канаттандарган эмес.Феликс Кулов жетектеген оппозициялык Бириккен фронттун жаштар канатына кирген Айтикеев 19-апрелде баш-аламандыкка катышкан деп айыпталып кармалган. Ал учурда Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жатат.(AiT)