Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Өзбекстанда белгилүү акын Юсуф Жумаев дайынсыз жоголду


Жумаев ошондой эле президент Ислам Каримовдун саясатын сынга алып келген.Эл аралык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, шейшемби күнү милиция Юсуф Жумаевдин үйүн курчоого алган. Бийлик Жумаев үй-бүлөсү менен качып кетти деп билдирүүдө. Ал эми Жумаевдин коңшулары ок атуулар болгонун жана үй дагы эле курчалып турганын айтышууда. Жакынкы өткөн күндөрдүн биринде мушташка аралашкан деп Жумаевдин жакындарынын бири камакка алынган. Ага нааразы болгон Жумаевдер президент Каримовдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, нааразылык акциясына чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG