Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

11::44 СДП: Баш прокуратура менен БШК партияга жана Байсаловго кине коюуда аша чаап жатат


Партиянын кеңсеси бүгүн ушундай мазмунда билдирүү таратты. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, Шайлоо кодексинин 39-беренесинде бюллетень жашыруун документ эмес, ал катуу көзөмөлдөгү документ. Эдил Байсалов бул документти мобилдик телефон аркылуу сүрөткө тартып, өз интернет-сайтына жайгаштырып, мыйзам бузган жок, анткени, бир да мыйзамда мындай чектөөлөр жазылган эмес. Байсалов мындай кадамга шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө кызыкдар үчүн барган. БШК өз кезегинде бюллетенди жараксыз деп таап, ыкчам жок кылуу аркылуу өз кесипкөй эместигин, энөөлүгүн жабууга аракеттенүүдө. Бул ызы чуу БШК даярдаган бюллетендин эч кандай коргоочу белгилери жок басылганын жабуу максатында жасалууда деп айтылат билдирүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG