“Ата Мекен” партиясынын төрагасы текшерүүдөн өтүп жатканда президентке караштуу адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар катышты. Текшерүүнүн жыйынтыгы эртең белгилүү болот. Өмүрбек Текебаев УТРКнын вице-президенти Эрнис Кыязов менен араздашып кетип, Кыязовго уят сөз айтпагандыгын далилдөө үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүнү чечкен. (EBM)