Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

17:53 Жалалабат облусунда СДПнын үгүт жарнак баракчалары жок кылынган


Социал-демократиялык партиянын үгүт иштерине тоскоолдуктар улантылууда. Облустун Базаркоргон, Алабука, Токтогул райондорунда партиянын тизме башында турган талапкерлердин тизмеси жана сүрөттөрү түшүрүлгөн жарнак такталар жулунуп ташталган. СДПнын имараттарга жана электр мамыларына жабыштырылган үгүт баракчалары да жок кылынган. Үгүт иштерине тоскоолдук бийликти жактаган белгисиз адамдар тарабынан жасалууда. Бул тууралуу партиянын облустагы штабынын башчысы Жусупжан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында жарнак барактардын сыйрылышы тууралу ички иштер уюмдарына кайрылуу жасалган жок. Облустук, район бийликтери аталган тоскоолдуктарга тиешеси жок экенин маалым кылды. (YA)

XS
SM
MD
LG