Босниялык сербдердин мурдагы генералы Драгомир Милошевич аскерий кылмыштары үчүн айыпталып, 33 жылга соттолду. Трибуналдын тыянагына караганда, 1990-жылдардын орто чени, Босниядагы согуш учурунда Сараево шаарынын тургундары генерал Драгомир Миолшевичтин буйругу менен бомбалоого жана террорго кабылган. Айыптоочу тарап аны өмүр боюу түрмөгө кесүүнү суранган болчу.