Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

БУУнун башкатчысы дүйнөлүк коомчулукту климаттын өзгөрүшү боюнча 2009-жылга карата кеңири келишим түзүүгө чакырды


Пан Ги Мундун айтымында, мындай келишимге жетишүү - "азыркы муундун моралдык парзы". Ал бул тууралуу климаттын өзгөрүшү боюнча Индонезиянын Бали аралында өтүп жаткан эл аралык конференцияда билдирди. Жыйынга дүйнө өлкөлөрүнүн экология министрлери катышууда. БУУнун башкатчычсы белгилегендей, жаңы келишим, булганыч же "парник газдарынын" бөлүнүүсүн гана кыскартбастан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттагы өзгөрүүлөрдүн оор кесепеттерин жоюуга да жардам бериши керек. Балидеги жыйынында глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүнүн механизимдерин иштеп чыгуу маселеси каралууда. Себеби, глобалдык жылуулука каршы күрөшүү үчүн буга чейин кабыл алынган эл аралык документ - Киото протоколунун мөөнөтү 2012–жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG