Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

Ооганстандын түштүгүндө Талибандын Муса Кала шаарынан чегинген элүүдөн ашуун согушкери жок кылынды


Ооган коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, алар Гильменд провинциясында эки күнгө созулган урушта жок кылынды. Согушкерлер Муса Кала шаарына коңшу Сангин районунда өкмөттүк имаратка чабуул коюуга аракеттенишкен. Ооган, АКШ жана британ аскерлери быйыл февралдан бери талиб согушкерлеринин көзөмөлүндө турган Муса Каланы алардан ушул аптанын башында эле бошотушкан. Сангин районундагы урушта ооган аскерлерине НАТО күчтөрү абадан колдоо көргөздү. Бул аралыкта АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс союздаш өлкөлөрдү Ооганстандын кошумча күчтөрдү жиберүүгө кайрадан чакырды. Роберт Гейтс Конгресстин эл өкүлдөр палатасында сүйлөгөн сөзүндө бул маселени НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Шотландияда жакында болчу жыйынында көтөрөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG