Амара шаарындагы бүгүнкү үч жарылуудан, өлкөнүн ички иштер министри Абдул -Карим Халафтын билдиргенине караганда, 27 киши мерт болуп, 151и жаракат алды. Миналанган эки автоунаа шаардын борборунда удама –удаа жарылган. Окуядан соң шаарда автоунаа айдоого дароо тыюу салынып, көчөлөргө аскерлер жайгаштырылды. Амара - негизинен шийиттер жашаган Майсан провинциясынын борбору. Быйыл апрель айында британ аскерлери провинцияда коопсуздукту көзөмөлдөө ишин жергиликтүү бийликтерге өткөрүп берген эле.
Ирактын түштүгүндөгү жарылуудан жыйырмадан ашуун киши каза таап, жүз элүүдөн ашууну жаракат алды