Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

10:26 Жашылдар партиясы Марат Кайыповду сотко берди


Арызды партия кечээ Бишкектеги райондор аралык сотко берди. Анда «Ак жол» партиясынын ишмердүүлүгүн эки айга токтотууга юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыповго милдеттендирүү соттон суралган. Жашылдар партиясы «Ак жолдун» саясий кеңеши парламенттик кезексиз шайлоого курултай бекиткен тизмени өзгөртүп, Шайлоо кодексинин 72-беренесинин 2-пунктун, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын 13,14-беренелерин бузган деп эсептейт. «Ак жол» партиясы курултай бекиткен тизмеден чыккан төрт талапкердин ордуна жаңыларды киргизген. Муну партия курултай берген укуктан пайдалангандыгы менен негиздөөдө. Жашылдардын ушул маселе боюнча мурда берген доо арызын сот канагаттандырган эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG