Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

11:25 «Ата мекен» партиясынын үгүт автоунаасын милиция бүгүн 10:30да ээсине кайтарды


Бул тууралуу партиянын Токтогул району боюнча өкүлү Өмүрбек Абдырахманов билдирди. Анын айтымында, үгүт материалдарын жүктөп, Бишкек - Баткен сапары менен баратып,бузулуп токтогон автоунаа түнкү саат 2:30да себепсиз кармалып, райондук ички иштер кызматынын короосуна киргизилген. Буга Токтогул райондук милициянын башчысы Аманбек Акунов, кылмышты издөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Эргешов, коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Курманбек Байбалаев катышкан, бирок, протокол түзүлгөн эмес. Раймилициянын күзөт бөлүмүнүн күзөт кызматкери мындай маалыматты тастыктаган жок. «Ата мекен» болсо бул фактыны шайлоо алдында бийликтин атайын жасаган тоскоолдугу катары баалады. (BuS)

XS
SM
MD
LG