Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

15:57 Өзбекстан Кыргызстанга сатуучу жаратылыш газына бааны көтөрүп жатат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Кыргызгаз» акционердик коомунун төрагасы Саламат Айтикеев билдирди. Канчага көтөрүлүп жаткандыгы ачыкталган жок, бирок, Кыргызстан тарап миң кубун 130 долларга баалоону сунуш кылууда. Газдын баасы боюнча макулдашууга тараптар 20-декабрга чейин кол коюшаары күтүлүүдө. Жалпысынан 2008-жылы Кыргызстан Өзбекстандан 900 млн. куб. газ алары макулдашылды. Акыркы үч жылда Өзбекстан газдын баасын 2,5 эсеге көтөрдү. Мунун себеби дүйнөлүк баанын өсүп жатышы менен түшүндүрүлүүдө. Газ үчүн быйылкы жылга Кыргызстандын Өзбекстанга карызы 3 миллион доллар, элдин жана ишкана-мекемелердин «Кыргызгазга» карызы 300 миллион сом болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG