Кечээ Сокулук районундагы №1 орто мектептин спорт залында «Ак жол» партиясынын мүчөсү Чолпон Баекова менен жолугушуу өтүп, ага жогорку класстын окуучуларынын да катышуусу талап кылынган. Ал жолугушуу аяктай электе чыгып бара жаткан 10- класстын окуучусу Ассатилде уулу Дубандын алдын тоскон айрым уюштуруу өкүлдөрү окуучуну муунтуга чейин барышкан. Окуучу ошол жерден эсин жоготуп, учурда райондук ооруканада жана абалы калыбына келбей жатат, деп билдирди жабыр тарткан окуучунун атасы Ассатилде Кулов. Ал эми жолугушууну уюштургандар мындай көрүнүш болгон жок деп билдиришүүдө. Ал эми аталган мектептин директору ишти аягына чыгарууга аракет кылаарын убада кылды. (JJ)
16:59 «Ак жол» партиясынын үгүттөө иштерине күчтөп катыштыруудан мектеп окуучусу жабыр тартты