Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

17:05 Быйыл адам сатуу фактысы боюнча 30 кылмыш иши козголду


Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, быйыл ошондой эле алыскы чет өлкөлөргө адамдарды сатууга жасалган аракеттенген 63 факт катталды. Адам сатуунун 20 курмандыгы Кыргызстанга кайтарылды. Жалпысынан жардам сурап 180 киши кайрылды. Бул тууралуу бүгүн өткөн Борбор Азиядагы адам сатууга каршы күрөшкө арналган аймактык тегерек үстөлдө белгиленди. Тегерек үстөлдө адам сатуу Кыргызстан жалгыз күрөшө албай турган кылмыштуу ишкердик катары белгиленди. Талкууга вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу катышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG