Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:16

17:31 Адилет Айтикеев камактан бошотулду


Жогорку сот Айтикеевдин апасы Бурулкан Бейшеналиеванын кепилдиги астында аны бүгүн иши тергелип бүткөнгө чейин убактылуу бошотуу чечимин чыгарган. Чечимдин негизинде Коопсуздук кызматы айыпталуучуну кечке жуук бошотту. «Канжар» кыймылынын лидерлеринин бири саналган Адилет Айтикеевге 19-апрелде тополоң уюштурду деп, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык айып тагылган. Айыптын негизинде ал 25-октябрдан бери ал УКМКнын тергөө абагында отурган. Айтикеевге таандык тергөө иши декабрдын этегинде соңуна чыгаары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG