Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

18:12 Шайлоого чакырган баракчаларда калпыстыктарга жол берилген


«Шайлоо ишинин жүрүшү жана мөөнөтү боюнча сиздин чечүүчү добуш» деген атайын эскертменин биринчи пунктунда "16-декабрдагы шайлоо эртең мененки сегизден кечки онго чейин" деп жазылган боюнча ысыккөлдүктөргө тарап кеткен. Ошондой эле атуулдар коомунун демократиялык коалициясынын өкүлдөрү дагы кошумча тизмеге шайлоо күнү жазылуу мүмкүнчүлүгү бар деп жарыялап жиберген. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасов шайлоо эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин, ал эми кошумча тизмеге 15-декабрга чейин гана катталуу укугу бар деп шайлоого чакырган баракчалардагы каталарды оңдоо боюнча коомчулукка түшүндүрмө таратты. (RB)

XS
SM
MD
LG