Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

18:24 Өзгөн районунда СДПКнын өкүлү болгон мугалимди куугунтуктап жатышат


Өзгөн районунда Социал-демократиялык партиянын Өзгөрүш айылындагы ишенимдүү өкүлү, мектеп мугалими Карымбай Азимовду жергиликтүү бийлик куугунтуктап жатканы маалым болду. Бул жөнүндө 13-декабрда “Азаттыкка” кабарлаган Социал-демократиялык партиянын Өзгөн райондук төрагасы Махмут Камытов, алардын активистин жергиликтүү бийлик жетекчилери, ошондой эле “Ак Жол” партиясынын өкүлдөрү оюндан кайтууга үгүттөшкөндүгүн, буга көнбөсө башка чара көрүшөөрүн кошумчалады. Өзгөн районунун акими Үсөнбай Абдыраимов мындай жоруктарга бөгөт коюларын, кимде ким шайлоочуларды жана партиялардын өкүлдөрүн коркутуп, үркүтүүгө аракеттенсе, мыйзам чегинде жоопко тартылаарын маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG