Орусиянын Косовонун келечек макамы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу сунушун Батыш өлкөлөрү четке какты. Британия жана АКШнын чабармандары муну сүйлөшүүлөр толугу менен өзүн актабай калганы менен түшүндүрдү. Этникалык албандар Косовонун көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялай турганын билдиришүүдө. Дүйшөмбү күнү эл аралык ортомчулардын катышуусу менен Белград жана Приштина ортосундагы төрт айга созулган сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган эле.