Өкмөттүк эмес уюмдун сотко кайрылуусуна БШКнын баракчаларында так эместиктер себеп болгон. Тактап айтканда, бир миллион нускада чыгарылган баракчада 16-декабрда шайлоо участкалары эрте менен саат 8:00 ден кечки саат 22:00 чейин ачык болот деп жазылган. Бирок бул Кодекске каршы келет. Кодексте шайлоо участкалары кечки саат 20:00 жабылат деп көрсөтүлгөн. Соттук териштирүүдө БШК катачылыкты мойнуна алды, деп кабарлаган «Демократия жана атуулдук коом үчүн « коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахуновa, сот чечимин жума күнү угузууга калтырганын кошумчалады. (AiT)
8:58 Биринчи май райондук соту «Кылым шамы» уюмунун БШК каршы берген доо арызы боюнча чечимди бүгүн угузат