Ажылык сапарга аттанып, зыярат кылып жүргөн кыргызстандыктар бүрсүгүнү өтө турган парламенттик шайлоого катышалбай турган болду. Боршайкомдун төрайымына, мүчөлөрүнө, президенттин тиешелүү аппараттарына 5-6 жолу кайрылган менен маселе чеилбеген бойдон кала берди. Аэропортторго урналарды коюп уюштуруу сүйлөшүлгөнү менен ал дагы аткарылган жок. Себеби шайлоо бюллетендери даяр эмес, а даярлары болсо жараксыз болуп чыкты. Сауд Арабстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганда ал өлкөдө мындай саясый иштерге уруксат берилбей тургандыгын, бул жерге мусулмандар сыйынуу үчүн гана келерин тастыктаган нота жибергенин Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин деректири Т.Калматов айтты деп маалымдаган “Заман Кыргызстан” гезити, ажылыктын баасы-Кыпргызстанда-1800, Тажикстанда-2900, Казакстанда-2900-7000, Өзбекстанда-4100, Кытайда-7000 доллар турарын жазып чыкты.
Кыргызстандагы доллар курсунун төмөндөшү, тамак-аш баасынын кымбатташы коңшу Кытай, Казакстан, Орусия мамлекеттеринин экономикалык абалына байланыштуу болууда деп белгилеген “Жаңы кылым” гезити, ошол эле учурда өлкөгө келип жаткан инвестициялардын максатсыз жумшалышы жана карапайым калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырчылыкка батышы себепкер болушу толук мүмкүн. Анткени дефольт жеке эле өлкөнүн кедейлигине да көз каранды болбостон, акчанын туура эмес иштетилишине да көп жагынан байланыштуу болот. Үчүнчүдөн, инфиляциянын күч алышынын башкы себеби Кыргызстанга кирип жаткан импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн эки эсеге жогору болуп жаткандыгы. Кадр маслеси да буга терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө айыл мектептеринен тартып Акүйгө чейин мамлекеттик кызматтарда өз адистигин жакшы билген адамдар келбей эле тескерисинче жең ичинен сүйлөшүү жолу менен келгендер болууда, дейт гезит.
“Агым” гезити мурдагы сандарындагыдай эле негизинен “Ак жол” партиясынын үгүт иштерине арнаган макалалары менен жарык көрдү.
Ошентип, биз көптөн бери кулак түрүп келаткан нерсеге Орусия бир эле шилтем менен жооп берип, болочок президентин да, премьер-минстрин да аныктап алды. Бизге окшоп Конституцияны ар ким өз башына жана өз акылына жараша өлчөп-бычкан жок. Өзү өкмөттү башкарып каларына карабастан Путин эл алдында берген сөзүндө туруп кызматынанкеткени калды, деп белгилеген “Белый пароход” гезити, Акаев мына ошол орунда обужок олтуруп алгандын азабын азыр тартып жатканын мисалга келтирет. Бакиевде дагы жарым мөөнөт бар. Ал арада аткошчулары ага дагы иштеп бериңиз, экономика менен сизди оңбогон оппозиция иштеттирбей келатпайбы деп сайрап турушат. Тилекке каршы үч жылдан бери Украина түшкөн жолду туурап, андан чыкпай келебиз. Эми жакында жаңы парламенттүү болобуз. Анын аркасынан жаңы өкмөт келет. Кыскасы кызыктын баары алдыда. Аман болсок аны да көрөбүз, деп жазалган.
Путин эмне үчүн Ивановду эмес, Медведовду тандап алды?
“Белый пароход” гезити, мына ушул суроолорго орус саясат таануучуларынын жообун “Московский комсомолец” гезитинен көчүрүп жарыяла кылды. Эффективдүү саясат фондунун президенти Глеб Павловский, Медведов менен Иванов бири бирине атаандаштардан эмес, бирок “эмне үчүн мындай болгонун президенттин өзүнөн сураш керек. Иванов мүнөзү өтө чапчаң фигуралардын бири. Балким ал өкмөт башчысы болуп келе турган Путиндин жаңыдан түзө турган командасы үчүн керек болушу мүмкүн, ошон үчүн сактап турса керек, десе, Саясат иликтөө институтунун деректири Сергей Марков, Медведов-бул Путиндин командасындагы киши. Чечим жашыруун кабыл алынган. Президенттикке Иванов сунушталмак. Бирок Медведовдун мүнөзү Ивановдукуна салыштырганда жумшак, балким ошонусу артыкчылык кылгандыр. Экинчиден Медведовдо күч органдары менен иштешүү тажырыйбасы жок. Демек, бул жагынан ал дагы эле Путиндин кишиси бойдон кала берет, дейт.
Политолог Михаил Виноградов болсо, экөө тең Путинге жакын адамдар. Бири токтоп калса, анын ишин экинчиси улап кетүүгө даяр кадрлар. Экөө тең президенттикке татыктуу. Маселе эми, Иванов премьер-министр болобу же жокпу, ушунда калды, деп айтса, “Индем” фондусунун деректири Георгий Сатаров, Путин өз мураскерин командасынын либералдык бөлүгүнөн тандап алганы Орусиянын мына ошол жактагы акыркы мезгилдеги жоготууларынын ордун толтуруш үчүн жасаган кадамы. Анын үстүнө күч органдарынын үстөмдүгү сезиле баштаган. Медведовдун президенттикке көсөтүлүшүн өлкөдө бири бирине үстөмдүктү эмес, тең салмактуулукту сактоого болгон Путиндин чөйрөсүндөгүлөрдүн сигналы деп түшүнсө болот. Медведов ар дайым өзү иштеп турган бийлик кызматына баш ийгичтиги менен таанымал жана эч качан өз алдынчалыгын даңазалап көрсөткөн жан эмес. Путин аны менен иштешкенде өзүн өтө ишенимдүү сезет, деп жооп берген.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ