Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

11:29 Тышкы мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акча каражаттары жыл сайын көбөйүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинен билдиришти. "Мигранттардан келген каражаттын 86 пайызын Орусиядагы кыргыздар жиберет. Он бир пайызды АКШдагы кыргыздар, андан кийинки орунду Казакстан жана Улуу Британияда жашаган мигранттар ээлейт. Эгерде 2005-жылы тышкы мигранттардан тушкөн каражат 313 млн. АКШ долларын түзсө, 2006-жылы бул сумма 846 млн. болгон. Ал эми ушул жылдын 6 айында бөтөн жерде жан багып жүргөн кыргыз атуулдары мекенине эки жүз жетимиш млн. доллар жөнөтүшкөн”,- дейт аталган комитеттин миграциялык саясатты жүргүзүү боюнча бөлүмдүн башчысы Нурлан Кубенов. (AiJu)

XS
SM
MD
LG