“Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылында СДП мүчөлөрү шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда райондун имамы сөз алып сүйлөп, “Ак жол” партиясына добуш берүүгө үндөп кирди. Бул жергиликтүү бийликтин шайлоо өнөктүгү маалында башка партияларга тоскоолдук кылыш үчүн диний кызматкерлерди аралаштырып жатканынын бирден бир далили”,- деп билдирди “Азаттыкка” СДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Роза Отунбаева. Анын айтымында, Баткенде административдик ресурс катуу колдонулуп, мектептеги иштеринен мугалимдерди бошотуп бийликтин партиясы үчүн иштетип жатышат. (AJ)