Бул тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрага орун басары Николай Байло бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, коммунисттерден башкалары административдик ресурсту колдонушуп, шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерин көрүшүүдө. Ал ошондой эле партиялаштарынын атынан кыргыз бийлигин, БШКны эл алдындагы милдетин так аткарып, шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүүгө, мамлекетте баш аламандыкты пайда кылууга түрткү болуучу саясий туруксуздукка жол бербөөгө чакырды. (AJ)