Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

ЖЕР БАСЫМЫНЫН ЫСЫШЫН ТОКТОТУУ ҮЧҮН КООМ ӨЗГӨРҮШҮ ЗАРЫЛ


Жердин абасы ысып атабы? Ысыса адам баласынын кылганынанбы? Же бул табигаттын өзүндө боло жүрчү көрүнүшпү? Анын кесепеттери катастрофага алып келеби же акырындык менен өтүп кетеби? Бириккен Улуттардын Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын бир эмес, төрт отчетун жарыялагандан кийин ушуга окшогон ондогон жылдан берки бүтпөс талаштарга чекит койгондой болду.

Тынчсызданган окумуштуулар бирикмесинин климат боюнча эксперти Бренда Эрвюрцелдин сөзү боюнча 2007-жыл тарыхый жыл болуп калды:

– Дүйнө окумуштуулары биригип келип, аябагандай катуу эскертүү жасашты. Алар биздин машина айдаганыбыз, көмүр, мунай, газды жагып, энергия өндүргөнүбүз, тропикалык токойлорду кыйып, дагы башка ушуга окшогон ишмердигибиз менен 20-кылымдын ортосунан бери карай жер абасын ысытып жибергенибизди айтып чыгышты.

Өкмөттөр аралык комиссия эгер жердин абасын ысыткан булганч газдар азайтылбаса, төмөнкүдөй кесепеттер болуп кетиши мүмкүн экендигин эскертишкен:

- Жердин абасы 4 градуска ысышы мүмкүн;
- Деңиз деңгээли 43 сантиметрге көтөрүлүшү толук ыктымал;
- Арктикада 2050-жылдан тартып жай мезгилинде муз болбойт;
- Ысык абанын эпкини, тропикалык бороон-чапкындар улам катуулап, көбөйө да бермекчи.

Мындай өзгөрүүлөрдүн кесепетинде таза суу азайып, кургакчылык күчөйт, анын натыйжасында азык-түлүк азайат, бороон-чапкын, ташкын, ысык эпкинден өлүм көбөйөт. Өсүмдүктөр менен жаныбарлар бул өзгөрүүлөргө адаптациялашып жетише албагандыктан, алардын айрым түрлөрү жер үстүнөн жок болуп кетет. Чоң шаарларда абанын булганчтыгы өскөн сайын жүрөк оорулары көбөйүп, суу баскан аймактарда малярия сыяктуу оорулар пайда болот.

Бул кесепеттерди жоюу үчүн машинаны азыраак айдап, учактар азыраак учуп, энергияны шамалдан жана күндүн нурунан алууну көбөйтүү зарыл. Бирок бул үчүн коомдун түшүнүгүндө өзгөрүү орун алышы керек, деп эсептейт АКШдагы Массачусетс Технология институтунун экологиялык программасынын тең-директору Хенри Жакоби.

Кризистин канчалык кооптуу экендигин айгинелеп, 2007-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы америкалык эколог жана саясий ишмер Ал Горго жана жогоруда айтылган Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссияга берилди.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG