Коммерциялык эмес жана Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтоайым Үмөталиева президент Курманбек Бакиевден саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, БШКнын ишине укуктук баа берип, бул органдын мүчөлөрүн кызматтан кетирүүнү жана парламенттик шайлоону башка күнгө жылдырууну өтүнүп кайрылуу жолдоду. Үмөталиеванын айтымында, БШК шайлоочулар үчүн эскертмеде, парламенттик шайлоо 16-декабрда саат 8:00ден 22:00 чейин болот деп туура эмес көрсөтүп, Шайлоо Кодексин одоно бузган. (AJ)