Бул тууралуу уюмдун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер Жапонияда жүргөн жеринен билдирди. Схеффердин айтымында, Оооганстанда оңолуунун белгилери бар, бирок НАТО жакынкы аралыкта ал жерден аскерлерин алып кетпейт. НАТОнун башкатчысы Токиого жапон бийликтери менен Ооганстандагы коалицияга колдоо көргөзүү маселесин талкуулоо үчүн барган. Жапония Ооганстандагы коалициялык аскерлерге Инди океандагы кемелери аркылуу колдоо көргөзчү. Бирок бул иштин мөөнөтүн узартуу үчүн өкмөт парламенттеги оппозициянын макулдугун алалбай койгон болчу.