Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

АКШ президенти Түндүк Корея лидерине жазылган катына жооп алды


АКШ президенти Жорж Буштун Ким Чен Ирге жазган катына дипломатиялык каналдар аркылуу оозеки жооп келгенин Ак үйдүн өкүлү билдирди, бирок анын чоо-жайын айткан жок. Жорж Буштун Ким Чен Ирге жолдогон каты АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы алгачкы түз байланыш эле. Буш өз катында Түндүк Корея лидерин өлкөсүнүн өзөктүк программасын мурда жетишилген макулдашууга ылайык толук ачыктоого чакырган эле.

XS
SM
MD
LG