Владимир Путин Минскиге кечээ келген эле. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу алакалар талкууланды. Мурдараак президенттер Владимир Путин менен Александр Лукашенко узактан бери кийинки калтырылып келе жаткан маселе - Орусия менен Беларусиянын биригүүсүн талкуулайт, союздук мамлекеттин түзүлүүсү Владимир Путинге 2008-жылдын мартынан кийин да бийликте калуусуна мүмкүндүк берет деген божомолдор айтылган. Бирок бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө беларус президенти Александр Лукашенко ушул сындуу маалыматтарга таңгалып жатканын айтты.
Орус президентинин иш сапарына каршы Минскиде шаршемби күнү оппозициянын демонстрациясы өтүп, бирок полиция аны күч менен таратты. Оппозициянын жаш активисттеринин бири Змицер Федарук полициядан катуу токмок жеп, ооруканага түшкөн. АКШ Мамлекеттик депратаменти демонстранттарга каршы күч колдонулушун айыптады.