Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

16:15 Таласта өкмөттүн автокербенине кол салган делип айыпталгандарга сот жараяны жүрүүдө


Талас райондук сотунда мурдагы өкмөт башчы А.Атамбаевге таш ыргыткан делип айыпталган 8 адамга сот жараяны жүрүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодесинин 233-беренеси (Массалык тартипсиздиктер), 340-берене (Укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу), 341-берене (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча айып коюлууда. Маалыматтарга караганда, алардан жабыр тартты делген милициянын 9 кызматкери айыпталуучуларга доосу жок экендигин билдиришкен. Буга чейин Атамбаев да алардын адвокаттарына доосу жоктугун айтып, тил кат бергендигин билдирген. 26-майда мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаев “Андаш”, “Жерүй” кенине иш сапары менен барып келатканда Аксай айылынын жанынан жергиликтүү эл менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ага байланыштуу тартип бузду делип он эки адамга кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө облустун аймагынан чыгып кетип,бирөөсү ооруканда. (AJ)

XS
SM
MD
LG