ЖАЛАЛАБАТ. “Ата мекен” партиясынын жактоочусу Базаркоргон районунда 14-декабрда белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Натыйжада адам укугун коргоо уюмуна тиешелүү болгон аялдын бир тиши сынып, ал ички иштер бөлүмү менен райондук прокуратурага кайрылган. Бул тууралу партиянын облустагы башчысы Асылбек Текебаев билдирди. “Адам укугун коргоочу аял “Ак жол” партиясынын жактагандардан ыдык көрүшү ыктымал”,- деген оюн айтты Асылбек Текебаев. Жаңжал кредиттик маселелерге байланыштуу “Аба” аттуу уюмунун кеңсесинде болгон. “Окуянын саясатка жана токмок жеген аялдын “Ата мекен” менен “Акжол” партияларына тиешеси жок”,- деп айтты Базаркоргон районундагы адам укугун коргоо уюмунун төрагасы Азимжан Аскаров. (YA)