Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

21:30 С.Тотонова: Бишкектеги бир шайлоо түйүнүндө мыйзам бузууга жол берилди


15-декабрда кечки саат алты жарымда Биринчи май райондук шайлоо комиссиясынын мүчөсү райондогу шайлоо түйүндөрүн кыдырып жүрүп, Бишкектеги №1 мектеп-интернаттагы 11/ 46 шайлоо түйүнүнүн катчысы шайлоо бүллетендерине мөөр басып жатканына күбө болгон. БШКнын өкүлдөрү, райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы, коомдук уюмдардын өкүлдөрү окуя болгон жерге чакыртылып, бүллетендер бирден саналып акт түзүлүп, Нуркалый Байматов катчылыктан четтетилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сүлөөсүн Тотонова “Азаттыкка” билдирди. Ал эми окуяга күбө болгон “Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева болсо бийлик өкүлү Байматовдун мыйзамды одоно бузгандыгы катары баалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG