Нарын шаарында №4065 шайлоо участкасында шайлоо кодексинин 40-беренеси бузулганы кабарланууда. Участкада бир эле адам бюллетендерди да берип, тизмеге да киргизип жатат. Ошондой эле, байкоочулар комиссиянын мүчөлөрү бюллетендерди сейфтен эмес, үстөлдүн астынан жашыруун алып чыгып жатканын көрүп калышканын Нарындан өз кабарчыбыз билдирүүдө.(MSu)