Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ар намыс” партиясынын Оштогу координатору Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында, Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Нурдинова № 5280 шайлоо участкасына 12 студентти алып келип, добуш бердиртип кетти. Андан соң ал студенттер менен О9303S номерлүү №19 кичи автобуска салып башка участокко добуш бергени кетти.(MSu)