Бекназаров учурда Таласта медициналык окуу жайдын студенттерине добуш берүү участокторун кыдыртып добуш бердирткен, Ноокенде райондук жетекчилик акча таратып жаткан фактылар катталды деп билдирди. «Үгүт иштеринин учурунда көрдүк, мамлекеттик машина бир партияны өткөрүү үчүн мыйзам бузуп атат. Шайлоо протоколдорго негизделбейт, каалаган партияларына анча-мынча добуш берди кылып бүтүрөт.» деп билдирди Азимбек Бекназаров (BuS)