Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

12:31 Түндө Токтогул шаарчасынын борбордук аянтында гезит күркөсү өрттөлдү


Түндө белгисиз адамдар “Ата Мекен” партиясына тийиштүү гезит күркөсүн өрттөп кетти. Жергиликтүү райондук администрациянын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери добуш бергени келаткан шайлоочуларга көз көрүнө бийликтин партиясына добуш берүүгө көрсөтмө беришүүдө. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Токтогулдагы координатору билдирди. Ал эми Жетиөгүз райондук администрациясынын алдында 20 чакты кичи автобус шайлоочуларды ташыганы кеткенин, “Ата Мекендин” Жетиөгүздөгү штабынан Курманбек Төлөгөнов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, райондогу мамлекеттик мекемелердин жетекчилери баш болуп шайлоочуларды “Ак жол” партиясына добуш берүүгө көрсөтмө беришүүдө. “Ак жол” партиясынын юристи Бакыт Сыдыгалиев болсо жогорудагыдай маалыматтар партиянын штабына келип түшпөгөнүн билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” партиясы мыйзам бузууларга жол бербей, шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүн колдойт. (AJ)

XS
SM
MD
LG