Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:59

12:55 Университет участкасында студенттер “Ак жол” партиясына добуш берүүгө мажбурланууда


Бул тууралуу добуш берүү үчүн келген студенттердин айрымдары айтышты. Мисалы КУУнун Эрлан аттуу студентинин айтымында, анын карындашына мугалимдер “Ак жолго” добуш бербесең окуудан четтетилесиң дешкен. Ал эми атын атабаган башка студент кыз үгүт иштери учурунда аталган окуу жайдын деканы “Ак жол” партиясын бир адамдай колдоп берүүгө студенттерди чакырган. Мындан тышкары биздин кабарчы добуш берүү учурунда мугалимдер студенттерди топ-топ кылып чогултуп атканын байкаган. Ал эми шайлоо комиссиясынын төрагасы Шекербек Сазыкулов бул маалыматтар негизсиз экенин айтты. Байкоочулар да студенттерге жасалган кысым тууралуу кабардар болбогонун билдиришти.(AiJu)

XS
SM
MD
LG