Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

14:43 Ж.Каныметов: “Ата Мекен”, “СДП” партиялары Талас облусунда мыйзам бузууларга жол берүүдө


Жер-жерлердеги “Ак жолдун” штабынан маалыматтар келип түшүүдө. “Ата Мекен” партиясы Талас районунда бизге добуш бергиле деп арак берип үндөгөнү тууралуу акт түзүлдү. Бул тууралуу “Ак жол” партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каныметов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, СДП партиясынын мүчөсү Акылбек (Пушкин деген ат менен белгилүү) шайлоочуларга 100 сомдон акча таратып жатканда кармалып, акт түзүлгөн. “Мындай көрүнүштөр Жалалабадда, Бишкекте да кайталанып жатканы тууралуу маалыматтар жетиштүү”,- дейт Каныметов. Ал эми “Ата Мекен”, “СДП” партиясынын штабынан “Ак жол” партиясынын дооматында негиз жок экенин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG