Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

18:17 Кызылкыяда шайлоо кутусуна бюлеттендерди ондон, жыйырмадан салууга жол берилүүдө


Бул тууралуу «Азаттыкка» Кызылкыядагы , №6-орто мектептеги шайлоо участкасында «Ата Мекен» партиясынан байкоо жүргүзүп жаткан Айнагүл Асанова кабарлады. Анын айтымында, аталган шайлоо участкасында бир эле адам 10 дон 20 дан бюллетень салган учурлар болгон. Шайлоо участкасынын мүчөлөрү бюллетендерди топтоп салган шайлоочуну сыртка алып чыгуу менен тим болушкан. Ошондой эле Баткен районуна караштуу Бужум айылында орун алган №76-Ынтымак шайлоо участкасында комиссия мүчөсү шайлоочулардын кошумча тизмесин мыйзамсыз түзгөнү айтылууда. Ал эми Кадамжай районундагы №175 -145- 146- 119- шайлоо участокторунда “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын байкоочуларын кууп чыгууга аракет кылышкан. (SA)

XS
SM
MD
LG