Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

23:43Бөкөнбаев айылында сегиз айыл шайлоочуларынын бюллетендери иргелип жатканда кармалды


Бул тууралуу «Ата мекен» партиясынан талапкер Заиров Сабыр «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү 8 автоунаага жүктөлгөн бюллетендерди райондук мамлекеттик ишкананын имаратына алып барып иргеп жатканын аныкташкан. Бул факт боюнча райондук шайлоо комиссиясына, прокуратурага маалымдалды, бирок, жооп болгон жери жок. Депутаттыкка талапкер Эркин Алымбеков облустук шайлоо комиссиясынын, облустук прокуратуранын өкүлдөрүн алып келүү максатында Караколго кетти. Күбө болуу максатында окуя болгон жерде азыр 150 чамалаш шайлоочу турат деп билдирди Сабыр Заиров. Мындай маалыматты расмий тарап тастыктай да, төгүндөй да элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG