Мушараф соттор кастарын тигип жатат, согушчандар күчөп кетти деген шылтоолор менен чукул абал киргизиши эл аралык сынга кабылган эле. Көпчүлүк муну Жогорку соттун анын октябрь айында кайра шайланышын жокко чыгарышына жол бербөөнүн амалы деп баалашкан. Өлкөдө парламенттик шайлоодо 8-январда өтөт.