16-декабрда кечки саат тогуздарда Тоң районунун акими Курманбек Нуржановдун автоунаасы менен бирге Шорбулак, Төртгүл айылындагы шайлоо участкаларынын төрагалары менен “Ак жол” партиясынын координаторлору болуп бир топ кишилер бюллетендерди алып чыгып, райондук шайлоо комиссиясына жеткирбей, жолдон райондун четиндеги автобазанын короосуна жашыруун алып келип отурганда кармалган эле. Мына алар дагы эле отурушат. Таң атты. Алты машина болчу, ошол эле боюнча, анын экөөндө бюллетендер, калгандары ошолорду ээрчип жүргөн башка райондук айрым бийликтерде иштегендер. Анын бирөө райондун акими Нуржановдун машинеси экенин райондун прокурору өзү келип расмий түрдө тинткенде үч башка номер чыкты. Бул тургандарды айрыкча нааразы кылууда. (RB)