Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Ооганстандын өкмөттүк аскери төрт согушкерди жок кылды


Ооганстандын өкмөттүк аскер күчтөрү Муса Кала шаарынын жанында төрт козголоңчуну жок кылышты. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Муса Кала шаары өткөн аптада өкмөттүк жана эл аралык күчтөр тарабынан талибдерден кайтарылып алынган. Аскер өкүлдөрү талибдер Муса Каланы кайра кайтарууга аракет жасайт, андыктан аскерлер аларга туруштук берүүгө даяр деп билдиришти. Сөз болгон шаарды талибдер ушул жылы февралда басып алган болчу.

XS
SM
MD
LG